Чукул билдирүү! Өлкөдө үшүк жүрөт
Өлкөдө үшүк жүрөт, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунуч жаратарын эскертет.
