СӨМ жана БУУ санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыкты талкуулады
Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу учурунда санариптик жаатта эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде инклюзивдик санариптик чечимдерди колдоо, электрондук башкарууну өнүктүрүү, санариптик сабаттуулук жана инфратүзүмдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар мындан аркы кызматташтыкты илгерлетүү жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсү алкагында биргелешкен санариптик демилгелерди иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
