Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жыл сайын өсүүдө
13 июнь

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жыл сайын өсүүдө

Кыргызстанда акыркы беш жылда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 35 пайызга азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин социалдык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жылдыз Рахманова маалымат жыйынында билдирди. 

Айтымында,  өлкөдө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн саны 5 жылда 341 миң адамдан 236 адамга чейин же 35 пайызга азайган. Социалдык жөлөк пул алуучулардын саны болсо 110 миң адамга же 16 пайызга көбөйгөн. 

“Социалдык жөлөкпул алуучулардын жалпы санынын 36 пайызы бала кезден ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. 18 пайызын багар-көрөөрүнөн айрылган адамдар түзөт. 9 пайызы жалпы оорудан улам ар кандай майыптуулукка учурагандар”, – деди ал. 

Айтымында, социалдык жөлөкпул алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жыл сайын өсүүдө. 2024-жылдын аягына чейин 37 миң бала жөлөкпул алууга катталган, бул 2023-жылга салыштырмалуу 11 пайызга көп.