Прагада Толенды Макеевдин Чехиянын ТИМ жана Өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуулары өттү
2025-жылдын 5-мартында Прага шаарында Кыргыз Республикасынын Чехиядагы Элчиси Толенды Макеевдин Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан Департаментинин Директору Марек Либржицкий жана Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин Борбордук Азия боюнча бөлүм башчысы Вацлав Лидл менен жолугушуулары болду.
Чехиянын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушууда Кыргызстандын Элчиси эки тараптуу кыргыз-чех Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларынын алкагында ишти активдештирүүнү жана ушул жылы кезектеги консультацияларды өткөрүүнү сунуштады. Кыргыз Республикасы менен Чехиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди.
Элчи ошондой эле 1920-жылдары түзүлгөн «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин биринчи эшелонунун Кыргызстанга келишинин 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар ЕБ алкагында кызматташууну талкуулашты. 2024-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Брюссель шаарына болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну Чехия тарабынан ушул жылы 30-январында ратификациялаган ЕБдин биринчи өлкөсү болгон.
Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде өткөн жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-чех жумушчу тобунун алкагында ишти активдештирүү жана жумушчу тобунун Прага шаарындагы кезектеги жыйынына биргелешкен даярдыктарды баштоону макулдашты
