Дастан Бекешев 1000 үгүтчүгө каршы болууда: Бул акчалуулардын шайланышына жол ачат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда талапкерлерге 1000 үгүтчүгө чейин алууга уруксат берген нормага каршы чыкты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Нурланбек Тургунбек уулу бул ар бир талапкер сөзсүз түрдө 1000 үгүтчү алуу керек дегенди билдирбешин түшүндүрдү.
«1000ге чейин алууга болот, бирок ар бир талапкер өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша 10, 15, 100 үгүтчү болсо деле ала берет. Анын үстүнө үгүтчүлөрдүн баары ошончо добуш алып келет дегенди билдирбейт. Шайлоолордо ар кандай көрүнүштөр болуп эле жүрбөйбү, 20 үгүтчү алып, бирок алар 8 добуш алып келгенин айткандар болгон. Эмнеге муну айтпайбыз? Сөзсүз эле терс пикир айтышыбыз керекпи. Экинчиден, 30 округга бөлүнгөндө, ар бир округда шайлоочулардын саны 150 миңге чейин көтөрүлүп жатат. Мисалы, Аксы-Ала-Бука-Чаткал округун ала турган болсок, анын бир учунан экинчи учуна чейин 320 чакырым болуп жатат. Мындай округдар абдан көп», – деген спикер ошол үчүн үгүтчүлөрдүн саны көбөйтүлгөнүн белгиледи.
«Сизди сыйлайм, бирок буга макул эмесмин. Эми шарттар ар кандай болот да, мисалы, акчалуу талапкер миң үгүтчү ала алат, а мен ала албайм. Экинчиден, эмнени бул эч кандай коркунуч келтирбейт десек, так ошол коркунуч келтирет. Шайлоого негизи домкомдор катышпаш керек, бирок алар өздөрүнүн участкасына барышпаса дагы, башка участкаларга киши ташышат, такси менен алып барышат», – деди анда Дастан Бекешев.
