Сүлүктү шаарында “Нелегал” операциясынын алкагында рейддик иш-чара өткөрүлдү
15 декабрь

Сүлүктү шаарында “Нелегал” операциясынын алкагында рейддик иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 20-ноябрынан тарта Сүлүктү шаарында "Нелегал" аталыштагы алдын алуу багытындагы операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө шаар аймагында иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар текшерүүгө алынды.

Иш-чара Башкармалыктын протоколдук тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүлдү. Чет элдик жарандарга алардын укуктары жана милдеттери, өрт коопсуздугун сактоо, көмүр кычкыл газынын зыяндуулугу, жана өрттүн алдын алуу жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында жалпысынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде 13 протокол түзүлдү, анын ичинде бир чет өлкөлүк ишканага 20 000 сом айып пул салынды.