Кыргызстанда эң көп айлык акыны курулушчулар алат
13 июнь

Кыргызстанда эң көп айлык акыны курулушчулар алат

Кыргызстанда айлык акы көп өскөн тармак – курулуш тармагы болуп эсептелинет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымат жыйынында билдирди. 

Айтымында, 2025-жылдын төрт айында республикада орточо айлык акы 40 миң 776 сомду түздү. Айлык акы көп жогорулаган тармактар – курулуш, кыймылсыз мүлк операциялары, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкты социалдык жактан тейлөө, илимий-техникалык ишмердүүлүк, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу. 

Шокеновдун айтымында, бул жылдын төрт айындагы орточо эмгек акы өткөн жылдын ушул мегизилине салыштырмалуу өсүүнү түзгөн. 2024-жылдын январь-апрель айында орточо айлык 40 миң 264 сом болуп белгиленген. 

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Гүлнара Жайлообаеванын айтымында, номиналдык орточо эмгек акы салык жана Социалдык фондко которуулардын негизинде эсептелет. 

Ал белгилегендей, айлык акы Бишкек шаарында эң жогору – 44 миң 98 сом. Андан кийин Нарын – 35 миң сом, Талас – 34 миң сом, Жалал-Абад – 31 миң сом, Ош – 30 миң сом, Баткен – 26 миң сом жана Ош облусу – 25 миң сом. 

Айлык акынын өсүшү боюнча тармактардын орун алышы: 

1. Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу. 
2. Маалымат жана байланыш. 
3. Пайдалуу кендерди казуу. 
4. Электр, газ  менен жабдуу.