Алтынбек Рысбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды
2 сентябрь

Алтынбек Рысбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Рысбеков Алтынбек Дурусбекович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин министрликке караштуу «КУЭТ» ААКнын башкы директору болчу.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары Н. Садыков өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.