Чүй облусунда аймактарды селден коргоо иш-чаралары жүрүүдө
Чүй облусу боюнча азыркы тапта сел кырсыктарынан коргоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачында сел сууларын коопсуз жана тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бекитилген «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чаралары мерчеминин негизинде 15 объект коргоого алынат.
Муну менен катар 189 турак жай, 2 мектеп, 4 сарай, 433 га айдоо жер, 1 көпүрө, ЛЭП, 1 жатакана, 1 көрүстөн, ички унаа жолдор, таза суу дарбазасы, мамлекеттик резиденциясы сел сууларынан корголмокчу.
Бүгүнкү күндө 6 объектиде коргоо иш-чаралары толук жүргүзүлүп, 1 объектиде иш улантылууда.
