Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
24 март

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартынан 26-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Атап айтсак:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.