Бүгүн Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын арасында саптык кароосу өткөрүлдү
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Тилек Тюкебаев алдыдагы бир жумалык пландарды аткарганга карата милиция кызматкерлер арасында саптык кароо болуп өттү. Албетте, форма кийүү жана керектүү кызматтык буюмдардын болушу текшерилди.
Ошондой эле милиция кызматкерлерине кызматтык тартипти сактоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат өтөө эскертилди.
Шаардыктар жана борбордун коноктору менен ар дайым сылык мамиледе болууга, жарандардан түшкөн арыздар жана даттануулар боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкка күнү-түнү укуктук жардам көрсөтүү жана коомдук коопсуздукту тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу боюнча нускамалар өткөрүлүп талапьар коюлду.
