Жалал-Абад – Казарман унаа жолу тазаланып, каттам жанданды
13 июнь

Жалал-Абад – Казарман унаа жолу тазаланып, каттам жанданды

Жалал-Абад – Казарман унаа жолу тазаланып, каттам жанданды, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, азыркы тапта аймакты караган № 31 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 12-июнда саат 22:30дар чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад – Казарман жолунда сел жүрүп, 63-87-чакырымдар аралыгындагы 5 жерде каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.

Жерине дароо тазалоо иштери жүргүзүлүрп, түнкү саат 03:00дор чамасында жол ачылды. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери уланууда.