КР менен Вьетнамдын ТИМ башчыларынын орун басарлары телефон аркылуу сүйлөштү 
17 февраль

КР менен Вьетнамдын ТИМ башчыларынын орун басарлары телефон аркылуу сүйлөштү 

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров бүгүн, 17-февралда Вьетнам Социалисттик Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ле Тхи Тху Ханг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана соода алакаларын активдештирүү, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлде иш сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар келишимдик-укуктук базаны мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын ырасташты жана алдыдагы сапарлардын алкагында диалогду улантууга макулдашты.