Ысык-Көлдөгү мыйзамсыз менчиктештирилген 638 млн сомдук соцобъекттер мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан мурдагы “Геолог” пансионаты жана “Орленок” балдар ден-соолукту чыңдоо лагери 12,81 га жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 638 млн сомду түзгөн жогоруда белгиленген социалдык объекттер жер тилкелери менен биргеликте мамлекетке кайтарылды.
