Куткаруучулар Чу дарыясына түшүп кеткен жаранды издөөдө
16 апрель

Куткаруучулар Чу дарыясына түшүп кеткен жаранды издөөдө

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чу дарыясына бир жаран түшүп кеткен.

ӨКМден кабарлашкандай, 35 жаштагы жаранды издөө иштери эки күндөн бери жүрүүдө. Ал үчүн 7 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, туугандарынан 4 адам тартылды. 

Азырынча издөө иштеринен майнап чыга элек. Кошумча маалымат берилет.