Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
16 апрель

Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 17синен 18-апрелине (аба ырайынын шарттарын эске алганда) чейинки аралыкта Боом капчыгайынын 129, 131, 132-чакырымдарында (темир жолдун 3899, 3901, 3902-чакырымдарында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИ маалымдайт.

Жумуш саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.