"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
Талант Султанов «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемесине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
«Кыргызфармациядан» кабарлашкандай, бүгүн, 12-мартта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы жетекчисин тааныштырышты.
