Айтматовдогу абал: Таза суу жок, акча коротулган, “жеп” алгандарды сот жоопкерчиликке тарткан эмес
4 ноябрь

Айтматовдогу абал: Таза суу жок, акча коротулган, “жеп” алгандарды сот жоопкерчиликке тарткан эмес

Президент Садыр Жапаровдун Айтматов жана Манас районунун тургундары менен жолугушуусунда Үч-Булак айылынын тургуну 9 жылдан бери чечилбей келаткан маселени көтөрдү.

Айтымында, аталган айылга 2017-жылы таза суу чыгарууга 18 миллион сом бөлүнгөн. Анын 6 миллионуна иш жасалган, эл таза суу менен камсыз болду деген тыянак менен өкмөт менен подрядчиктин ортосундагы келишим аяктаган. Бирок бир тамчы да суу чыккан эмес.

“Мен 2020-жылдан бери тийиштүү кызматтарга кайрылып келатам. Сот бул ишти бир жыл карады, анан мөөнөтү соңуна чыккан деген жүйө менен жаап таштады”, - деди тургун.

Президент акчага байланышкан иштердин мөөнөтү өтпөй турганын эске салды.

“Акчаны алып коюшкан, иш жасалган эмес. Анан мындай иштердин мөөнөтү кантип өтүп кетет? Мындай иштердин мөөнөтү эч убакта өтпөш керек. Акчаны ким жеп алса, он эсе кылып кустуруу зарыл”, - деди мамлекет башчы.

Ал ИИМге бул ишти табыштады.