Ош шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди
9 май

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Ош шаарында 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн салтанатка коргоо министринин орун басары - Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курманбек Айтибаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюлуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.

Эске салсак, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 14 миң 621 адам чакырылып, алардын ичинен 3 миң 118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон.