Төрт жигит мерт кетти. Ысык-Көлдө үрөй учурга жол кырсыгы катталды
Ысык-Көл облусунда үрөй учурга жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.
Алардын айтымына таянсак, кырсык 24-июнда Чырпыкты – Тору-Айгыр унаа жолунда катталды. Жогорку ылдамдыкта бараткан жеңил унаа кичи автобус менен кагышкан. Кичи автобустун унаасы буйтап кетүүгө аракет кылган, бирок жетишкен эмес.
Кырсыктан төрт жигит набыт болду.
