Жайыл районунда 260 гектарга помидорлордун көчөтү комбайн менен отургузулган
Чүй облусунун Жайыл районунун дыйкандары быйыл помидордун “Хайнс”, “Талент”, “Бленд” ж.б сортторунун көчөттөрүн комбайндын жардамы менен отургузуп, учурда жакшы түшүм алуунун алдында турушат.
Жаңы ыкма менен помидорлор биринчи жолу отургузулган.
Ал жалпысынан 260 гектар аянтты камтыйт. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча комбайн менен отургузууда продуктка болгон өздүк нарк төмөндөйт. Себеби, кошумча жумуш күчү талап кылынбайт, убакыт үнөмдөлөт жана ал түшүмдүлүүккө жакшы таасирин тийгизип, көлөмү жогорулайт. Жалпысынан 260 гектарга помидордун көчөтүн отургузуу 3 жумадай убакытты талап кылган.
Алгач көчөттөр керектүү мезгилге чейин күнөсканада өстүрүлүп, андан кийин ал талаага айдалган. Буга чейин бул комбайндар Панфилов районунун дыйкандарынын пайдалануусунда болгон.
Азыркы тапта жалпысынан Жайыл районунда ушуга окшогон 4 техника бар.
