Тоолуу аймактарда сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
16 апрель

Тоолуу аймактарда сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-19–апрель күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

«Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр», – деп айтылат билдирүүдө.