Раззаков шаарында жарандар арзан көмүр менен камсыз болууда
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында, көмүр шахталары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, шаар тургундарына арзан баадагы "Орешка" маркасындагы көмүр таратылууда. Бир кап көмүр 260 сомдон сатылууда.
Учурда төмөнкү аймактарга көмүр жеткирилди:
• Раззаков-4, 5-кварталдар: 700 кап (30 тонна)
• Раззаков-1 кварталы: 380 кап (16 тонна)
• Алтын-Бешик айылы: 320 кап (14 тонна)
Жакынкы күндөрү шаардын аймагындагы бардык аймактарга жеткирилет, андыктан айыл башчыларга тизмеге жазылууңуздарды эскертет.
