Баткен облусунда марихуана менен 53 жаштагы жаран кармалды
15 декабрь

Баткен облусунда марихуана менен 53 жаштагы жаран кармалды

Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 8-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 53 жаштагы М.Б. марихуана бангизатына окшогон зат менен кармалган.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган заттын жалпы салмагы 282,19 грамм марихуана экендиги аныкталды. Аталган факт боюнча Кадамжай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.