Бишкекте улгайган аялды ур-токмокко алууга аракет кылган киши кармалды
Социалдык тармактарда белгисиз эркек киши улгайган аялды ур-токмокко алууга аракет кылган видео тараган. Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 1989-жылы туулган жаран Ч.С., аттуу жарандын өздүгүн аныкташып. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») беренесине ылайык административдик протокол түзүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен жаран Ч.С., 3 суткага административдик камакка алынды.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы коомдук жайларда мындай жүрүм-турумга жол берилбестигин жана ал административдик жоопкерчиликке алып келерин эскертет. Ички иштер органдары жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча иштерин улантууда.
