«Геодезия, картография жана мейкиндик маалыматтары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Геодезия, картография жана мейкиндик маалыматтары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов белгилегендей, мыйзам долбоору геодезия, картография жана мейкиндик маалыматтары жаатындагы ишмердүүлүктү технологиялык өнүгүү шарттарында, эл аралык стандарттарга жана өлкөнүн санариптештирүү боюнча улуттук артыкчылыктарына ылайык жөнгө салуучу заманбап укуктук базаны түзүү максатында даярдалган.
Талкуу маалында депутат Бакытбек Марипов жердин инвентаризациясы боюнча «Кыргызмамжердолбоорлоо» ишканасынын маалыматтары эски бойдон калганын сынга алып, талаштуу учурларда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар менен дал келбей, чоң көйгөй жаралып жатканын белгиледи. Ал эми комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков бийик тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштарды аныктоодо катар жайгашкан эки айылдын бири кирбей калган учурлар кездешип жатканын айтып, ченөө ыкмасын кайрадан карап чыгууну сунуштады.
