Жалал-Абадда жашы жете элек балдардын эмгек укуктары боюнча семинар өттү
Жалал-Абад шаарындагы №13 орто мектебинде бүгүн 9-11-класстын окуучуларына арналган атайын семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага КРнын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, КРнын Кесиптик Бирликтер Федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, жергиликтүү бийлик жана мектеп окуучулары катышты.
Семинарда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусу, өз укуктарын коргоо, мыйзам чегинде иш жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ага катар окуучулар тарабынан темага байланыштуу суроолор берилип, пикир алмашуулар болду.
Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев, иш-чаранын маанилүүгүн белгилеп, мектеп окуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга чоң салым кошоорун айтты.
