КР ТИМ башчысы Кувейтке жумушчу сапары менен барат
16 апрель

КР ТИМ башчысы Кувейтке жумушчу сапары менен барат

2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбордук Азия стратегиялык диалогунун Тышкы иштер министрлеринин Үчүнчү жыйынына катышуу үчүн Кувейт Мамлекетине жумушчу сапары менен барат.

Жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери камтылган.

Тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жана Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин Биринчи Саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле алдыдагы Экинчи Саммитке даярдыктарды карап чыгышат.

Ошондой эле сапардын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Ж.Кулубаев Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен бир катар өзүнчө эки тараптууу жолугушууларды өткөрөт, ал жолугушууларда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланат.