Бишкекке 95 жаңы автобус жеткирилди
Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына 95 жаңы автобус толугу менен жеткирилип, учурда алардын баары ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылды.
Мэриядан кабарлашкандай, ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.
