Бишкекте 2 жаштагы наристе 14-кабаттан кулап каза болду
Бишкекте 2 жаштагы наристе 14-кабаттан кулап каза болду.
Каргашалуу окуя 23-июнда "Улан" кичи районунда катталган.
Октябрь райондук сотунан кабарлашкандай, эки жаштагы бөбөк 14-кабаттагы батирдин терезесинен кулап кеткен.
Наристе дароо медициналык мекемеге жеткирилген, бирок алган жараатынан улам аны аман сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.
