Ош: Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы көчөлөр иретке келтирилет
Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы көчөлөр иретке келтирилет, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге болгон рейди Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын У. Рахманов, Мукумий, Атаханов, Х.Абдуллаев жана С.Касымбеков атындагы көчөлөрүндө уланды.
Шаар башчысы аталган көчөлөрдүн жолдорун иретке келтирүү менен бирге кызыл сызыктан ашкан мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмаларды берди.
