Төрөбаев: Ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек
Ар бир айыл өкмөттө машина-трактордук станция (МТС) түзүлүшү керек. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлик 22-мартта «Сокулук» мамлекеттик асыл тукум заводунда жазгы талаа иштерине байланыштуу көчмө жыйын өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө аталган ишкананын тажрыйбасын жайылтуу боюнча бир катар маселелер каралды.
«Мурда бул завод өзүнө тиешелүү жерлерди ижарага берип келген. Натыйжада ишкана банкрот абалга туш болгон. Былтыр ижарага берилген жерлерди кайра кайтарып алып, өзү иштетип баштап, жакшы жыйынтыктарга жетишти. Бүгүнкү күндө 5 миллион сом таза пайда көрүп, 20 миллион сомдук актив топтоду. Быйыл ишкана өзүнүн 8 техникадан турган МТСин ачты. Дагы 100дөн ашык айыл чарба техникасы келери күтүлүүдө», - деди суу ресурстары министри Бакыт Төрөбаев.
Министр президенттин тапшырмасынын негизинде ар бир айыл аймакта МТС түзүлүшү керектигин айтып, бул мамлекеттик талап деди.
«Акимдер жана айыл өкмөт башчылары ушул багытта иш алып барууга милдеттүү. Учурда көпчүлүк айыл өкмөттөр өз карамагындагы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берип келишет. Министрлик былтыртан бери бул жерлерди ижарага бербестен, эл менен бирге кооперативдерди түзүп, МТСтерди ачып, өз алдынча иштетүүнү сунуштап келет. Өз кезегинде бул ыкма жөнөкөй калк үчүн дагы 20% арзан кызмат көрсөтүп, пайдалуу болору айтылууда», - деди ал.
Жыйындын соңунда жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, дыйкандарды күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу, ошондой эле ар бир айыл аймакта МТСтерди түзүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан боюнча жазгы айдап-себүү иштери 400 миң гектар аянтка пландалган. Учурда 40 миң гектардан ашык жер айдалып бүттү. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында иштер жүрүп жатат. Ал эми Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында талаа иштери али баштала элек.
