Кыргызстанда бир жумада 20 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 8нен 14-декабрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 635 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 379;
- Мас абалында автоунаа башкаруу - 259;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 134;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 591;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2 908;
- Автоээнбаштык - 25;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 515;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 8;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 832.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 984 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
