Бишкектеги "Азиз" базарынан өрт чыкты
Бишкектин Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, 15-декабрда Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан "Азиз" базарында контейнерден өрт чыккан.
ӨКМден кабарлашкандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана штаб, ККББдан ыкчам топ тартылган.
Жеринде өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
