
Комитетте Чүй облусунун аймагында жайгашкан дачалык жана багбанчылык шериктештиктерин электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси каралды
Бүгүн, 24-июндагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Чүй облусунун аймагында жайгашкан дачалык жана багбанчылык шериктештиктерин электр энергиясы менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр тууралуу маселе каралды.
Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков белгилегендей, учурда Чүй облусу боюнча 182 дачалык жана багбанчылык шериктештиктери же коомдору түзүлгөн.
«Алар өз балансында болгон 223 даана трансформатордук көмөк чордондору аркылуу электр энергиясы менен камсыздалат», – деди.
Комитет мүчөлөрү негизги көйгөй катары дачалык аймактардын расмий түрдө айыл макамынын жоктугун белгилешип, бул багытта иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Ошону менен катар эл өкүлдөрү багбанчылык коомдорунда жашаган тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, өзгөчө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды көрүүнү сунушташты.