Добуштарды сатып алуу боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча
13 январь

Добуштарды сатып алуу боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИМдин ЭММКАКнын кызматкерлерине 1979-жылы туулган С.Ж. аттуу жаранды камсыз кылууга тергөө тапшырмасы берилген.   

2024-жылдын 12-январь күнү 20:00дө 1979-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө аракеттери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөн.

Тергөө амалдары жүргүзүү учурунда С.Ж. аттуу жарандын калоосу боюнча эки жактоочусу (адвокаты) катышты.

Тергөө иш-чаралары жүргүзүү Жазык-процесстик мыйзамдарын сактоо менен жүргүзүлдү жана укук бузууга жол берилген жок.