Жалал-Абад шаарында түнкү кафе-ресторандар текшерилүүдө
КР ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте шаар аймагында жайгашкан кафе-ресторандарда өрт кырсыгынын алдын алуу максатында текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
ӨКМден кабарлашкандай, ар бир кечки эс алуучу жайлар тыкыр текшерүүгө алынып, аныкталган кемчилдиктер боюнча жазуу түрүндө ишкерлерге эскертүүлөр берилүүдө.
Мындай текшерүүлөр 18-мартта башталган, 18-апрелге чейин уланат.
Башкы максат - өрт кырсыктарынын алдын алууга багытталат.
