«Бишкек» ЭЭА бажысы субъекттердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
20 сентябрь

«Бишкек» ЭЭА бажысы субъекттердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

«Бишкек» ЭЭА бажысында «Бишкек» ЭЭАнын субъекттери менен Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашкандай, «Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясынын кызматкерлери, «Бишкек» ЭЭА бажысынын жетекчилиги жана «Бишкек» ЭЭАнын субъекттеринин өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө төмөндөгү маселелер көтөрүлдү:

  • чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги мобилдик топтун иши жөнүндө;
  • «Бишкек» ЭЭАнын субъекттери тарабынан «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы аркылуу чийки затты ташып келүүсү жана «Бишкек» ЭЭАга жүгү менен автотранспорт каражаттарын жөнөтүү боюнча;
  • бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн «Бишкек» ЭЭАнын субъекттери үчүн «РСК 24» жана «Мбанк» мобилдик тиркемелеринин ишин жандандыруу жөнүндө.

Каралган маселелер боюнча тийиштуу чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, «Бишкек» ЭЭАнын Консультативдик кеңеши тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер талкуулануучу, «Бишкек» ЭЭАнын субъекттери менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу аянтчасы болуп саналат.