Германиядан келген белгилүү туроператорунун туристтик поезди Бишкек шаарына келди
2025-жылдын 18-октябрында Германиядан келген белгилүү “Lernidee Erlebnisreisen GmbH” туроператорунун туристтик поезди Бишкек шаарына келди.
Аталган поезд менен келген меймандардын басымдуу бөлүгүн Европа жана АКШ өлкөлөрүнөн келген туристтер түзөт. Алар Кыргызстанга өлкөнүн кооз жаратылышы, бай тарыхый жана маданий мурастары, ошондой эле кыргыз элинин меймандостугу менен жакындан таанышуу максатында келишкен.
Бул иш-чара Кыргызстандын туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде таанытууга, өлкөнүн аброюн жогорулатууга жана чет элдик өнөктөштөр менен достук алакаларды чыңдоого өзгөчө мааниге ээ.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшү үчүн этно-фуршет, улуттук музыкалык аспаптардагы жандуу музыка жана маданий программалар менен коштолгон салтанаттуу тосуу аземин уюштурду.
Компаниянын маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстанга 8 жолу туристтик поезд келген болсо, 2025-жылдын ушул мезгилине карата алардын саны 10го жетти. Бул чет элдик туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу жылдан жылга артып жатканын тастыктайт.
Быйылкы жылдын апрель айында келген туристтик поездди тосуп алуу иш-чарасы дагы жогорку деңгээлде өтүп, чет элдик коноктор өлкөбүздүн меймандостугу жана улуттук колорити тууралуу эң жылуу таасирлерин билдиришкен.
