«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын балансына каралбай калган лифттер кабыл алынат
1 июнь

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын балансына каралбай калган лифттер кабыл алынат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен каралбай калган лифттер муниципалдык менчикке кабыл алынат.

1991-жылдан 2003-жылга чейин Бишкек шаарынын лифт чарбасы мэриянын көзөмөлүндө болгон эмес. Бул 12 жыл аралыгында лифттер эскирип, техникалык регламентке ылайык оңдоо жана капиталдык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошол учурдагы тарифтер тейлөөгө, эмгек акыга жана салык төлөөгө гана жетиштүү болгон. Ал эми амортизациялык топтомдук эсептерди түзүү каралган эмес, бул эсептер пландык-профилактикалык оңдоо иштерине багытталууга тийиш.

2002-жылы айрым лифттер 25 жылдык кызмат мөөнөтүнө жетип, модернизация же капиталдык оңдоо иштерине жүргүзүү үчүн токтотулушу керек болду.

Ошол учурдагы тейлөөчү уюм –  «Кыргызлифт» ААК  техникалык регламенттин талаптарын аткарып лифттерди токтотуу иштерин баштаган. Бирок лифттердин менчигинин аныкталбагандыгына байланыштуу, аларды ким оңдой турганы белгисиз болуп, шаар тургундарынын терс реакциясын жараткан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы №330 токтому менен «Кыргыз Республикасынын турак жай-коммуналдык чарба жана турак жай мамилелери байланыштуу нормативдик актыларды ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Бишкек шаарынын мэриясына лифттик диспетчердик жабдууларды, лифттерди жана ар бир көп кабаттуу үйдөгү тышкы инженердик тармактарды эсепке алып, коммуналдык менчикке өткөрүү тапшырмасы берилген.

Аталган токтомдун негизинде Бишкек шаарынын мэриясы 735 лифтти муниципалдык менчикке кабыл алган. Бирок турак жай курулуш кооперативдерине (ЖСК), мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын балансында турган үйлөрдөгү лифттер өз менчик ээлеринин карамагында калган.

Бүгүнкү күндө алардын айрымдары иштебей турат жана толук алмаштырууга муктаж. Азыркы учурда «Бишкекшаарлифт» МИ башка каралбай калган лифттерди аныктоо жана аларды ишкананын балансына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.