Чүй облусунда бир жумада 3,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
10 декабрь

Чүй облусунда бир жумада 3,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы алдын ала маалымат боюнча облус аймагында бир жума ичинде 3 379 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 2-декабрынан 8-декабрына чейин, алдын ала маалымат боюнча 3379 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 93;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 30;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 3;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 8;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 490;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 379;
  • Башка унааларга тосколдук жаратуу жана жол белгилерге баш ийбөө – 1025;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 93 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.