Минскте кыргызстандык Bigser Sport компаниясынын бет ачары болуп өттү
Кыргызстандык компанияларды белорус рыногуна чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Минск шаарында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен спорттук кийимдерди жана бут кийимдерди ата мекендик ири өндүрүүчүлөрдүн бири “Bigser Sport” компаниясынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага элчи Эрбол Султанбаев, Bigser Sport компаниясынын өкүлдөрү, Беларусь ТИМине караштуу Улуттук маркетинг жана баалардын конъюнктурасы борборунун, спорттук федерацияларынын жана ассоциацияларынын, ошондой эле спорттук клубдарынын жетекчилери катышышты.
Презентациялардын жүрүшүндө кызыкдар тараптарды Bigser Sport компаниясынын продукциялары менен тааныштырууга жана алар менен түз байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.
Жолугушуулардын катышуучулары кызматташтыктын өзгөчүлүктөрүн тактоо, анын ичинде кесипкөй спортчулар үчүн адистештирилген продукцияларды сатып алуу, биргелешкен долбоорлорду жана башка программаларды ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу ниетин билдиришти.
