Мыйзам долбоору: Порнографиялык мүнөздөгү контент жайылткан сайттар 24 саатка бөгөттөлөт
Кыргызстандын аймагында порнографиялык контентти таратууга тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети 2- жана 3-окууда кабыл алды.
Депутат Мурадил Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоору порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти интернет мейкиндигинде таратууга тыюу салат, бул коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн киргизилүүдө.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын аймагындагы интернет мейкиндигинде порнографиялык контенттер жайылтылбайт. Порнографиялык мүнөздөгү контент боюнча ар бир жаран ыйгарым укуктуу органдарга кабар бере алат.
«Порнографиялык контенттүү сайттар арыз кабыл алынгандан кийин 24 саатка бөгөттөлөт. Сайттардын ээлери андай контентти 24 сааттын ичинде өчүрүүгө тийиш. Эгерде баш тартышса, сайт эки ай мөөнөткө жабылат, ошондой эле ээлерине жаңы ресурс ачууга тыюу салынат. Сайт ээлери укугун сот аркылуу талаша алат. Сайтка жеткиликтүүлүк соттун чечими же контенттин өчүрүлүшү менен калыбына келет», – дейт алар.
Комитет мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды.
