Маматалиев: Адамдын жумшак же орой болушу кесибине эмес, өзүнө байланыштуу
24 июнь

Маматалиев: Адамдын жумшак же орой болушу кесибине эмес, өзүнө байланыштуу

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбооруна берген сунуштары четке кагылганына нааразы болду.

Айтымында, 8 сунуш берген, бирок бирөөсү да кабыл алынбаган.

Депутат Чолпон Султанбекова кесиптешинин сөзүн оңдоп, 8 сунуштун үчөө жарым-жартылай кабыл алынганын билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев Нарматовага анын сунуштары эмнеге четке кагылганын мындайча түшүндүрдү:

«Сиз Акыйкатчылыкка Кыргызстанда акыркы 10 жылдан кем жашабаган адам гана талапкер боло алсын дегенсиз – ал кабыл алынды. Орун басарлары мурдагы укук коргоочулар же бейөкмөтчүлөр болбосун дедиңиз – ал четке кагылды. Сиз айтып жатасыз, укук коргоо органдарында иштегендер жарандар менен иштешүүгө эпсиз болуп калат деп. Бул кесипке эмес, адамдын өзүнө байланыштуу. Азыркы Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мурда прокурор болуп иштеп жүргөн, бирок бул кишини оройлонуп, корстонгонун көрдүңүзбү?

Жаш чектөө багыты боюнча айтсам (Нарматова Акыйкатчылыкка талапкердин жаш курагын 65 жаштан улуу эмес деген норманы алып салууну сунуштаган) бул мамлекеттин багытына жараша. Мамлекеттик органдар баарыбыз бир кемеге киргенден кийин тартип ошондой болушу керек. Ал эми депутаттар менен президентти эл өзү шайлайт, элдин мандатына ээ болот, ошондуктан анда мындай чектөө жок», – деди Маматалиев.м