Эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абадда 34 жаңы объект колдонууга берилет
4 апрель

Эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абадда 34 жаңы объект колдонууга берилет

Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарында белгиленип, ага карата облус аймагында 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды пайдаланууга берүү планы коюлган. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн маалымдашты. 

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, аталган объектилердеги курулуш жумуштарынын жүрүшү көзөмлгө алынууда.

Алардын катарында: 

  • Жалал-Абад шаарындагы 100 орундуу перинаталдык борбор,
  • №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты,
  • КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын административдик имараты,
  • “Бокс академиясы”,
  • №14 мектептин 700 орундуу кошумча имараты,
  • Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан “Асман Резиденс 2” жана “Асман Резиденс 3” турак жай комплексттери бар.

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы социалдык объектилердин курулушу 50 пайыздан жогору аткарылды.