Кыргызстанда жарандар менен жолугушуулар башталды: мамлекеттик кызматтарды санариптик форматта колдонууга үйрөтүү уланууда
Мамлекеттик кызматтарды калкка жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу максатында президентке караштуу Иш башкармасынын алдындагы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, “Мамлекеттик ипотекалык компания” жана “Түндүк” мамлекеттик мекемеси биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
2025-жылдын 23-июнунда башталган маалыматтык жолугушуулар Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана Түп районунда өткөрүлүп, жарандарга мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта кантип колдонуу керектиги, анын ичинде “Түндүк” тиркемеси аркылуу “МИК” ипотекалык каттоосуна туруу тартиби жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында интерактивдүү көрсөтмөлөр уюштурулду.
Бул иш-чаралар республиканын бардык аймактарын камтыйт. Жалпысынан жарандар менен жолугушуулар 2025-жылдын 23-июнунан 12-июлуна чейин 7 облус жана Бишкек шаарында өтөт. Төмөндө жолугушуулардын негизги айрым пункттары көрсөтүлгөн:
- Ысык-Көл облусу – Балыкчы, Чолпон-Ата, Түп, Каракол, Теплоключенко, Кызыл-Суу, Боконбаево;
- Нарын облусу – Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Чаек;
- Баткен облусу – Раззаков, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя;
- Ош облусу – Ноокат, Ош шаары, Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа;
- Жалал-Абад облусу – Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Масы, Таш-Көмүр, Кербен, Ала-Бука, Кара-Көл, Токтогул;
- Талас облусу – Талас, Бакай-Ата, Кызыл-Адыр, Покровка;
- Чүй облусу – Кара-Балта, Каинды, Беловодское, Сокулук, Токмок, Кемин, Кант;
- Бишкек шаары – 12-июль.
Жолугушуулардын убактысын жана өтүүчү жерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн — айыл өкмөтү же облустук администрациялардан тактоого болот.
Бул иш-чаралар жарандардын мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү жана ыкчам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, колдонмо түрүндө көрсөтмөлөрдү да алышууда.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси калктын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.
