Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн, 1-июнда күндүн экинчи жарымында жана 2-июнунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ бул күндөрү тоолуу өрөөндөрдө эс алуудан, жайлоого мал айдоодон баш тартууну сунуштайт. Зарылдыгы болбосо мындай пландоолорду башка күндөргө жылдыруу керек.
Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
