Кыргыз-бахрейн саясий консультациялары өттү
4 апрель

Кыргыз-бахрейн саясий консультациялары өттү

Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде 3-апрелде кыргыз-бахрейн саясий консультациялары онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов, ал эми Бахрейн тарапты тышкы иштер министринин орун басары шейх Абдулла бин Али Аль Халифа жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, ошондой эле үстүбүздөгү жылдагы кызматташуунун мындан аркы келечеги талкууланды.

Тараптар көп тараптуу иш-чаралардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын эки тараптуу жолугушууларынын оң натыйжаларын белгилешти жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Соода-экономика жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Жетишилген макулдашууларды мындан ары координациялоо максатында тараптар биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгууга макулдашышты.

Консультациялардын соңунда тараптар өткөн ачык диалогго оң баа беришти жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууга макулдашышты.