Малика Молтоева Туризм департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды
4 апрель

Малика Молтоева Туризм департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Туризм департаментинин директорунун жаңы орун басары болуп Малика Молтоева дайындалды, деп билдирет Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы.

Өмүр баяны: 

Молтоева Малика Эсенгельдиевна 1996-жылдын 10-июнунда туулган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамиле» (дипломатия жана консулдук кызмат) адистиги боюнча бакалавр дипломун алган. 
2020-жылы «Эл аралык укук» (юриспруденция) багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Эмгек жолу:
• 2022-жылдын октябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин – ЖЧК «Сан Планет Органик» – Кыргызстандагы жогорку сапаттагы органикалык продукцияларды эл аралык рынокторго экспорттоочу компанияда башкы маркетолог.

• 2021-жылдын январынан 2023-жылдын октябрына чейин – Кыргыз Республикасында Европалык Союздун Өкүлчүлүгүнүн Проектиси – медиа боюнча эксперт/ивент менеджер.

• 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын декабрына чейин – Европалык Союздун Өкүлчүлүгүнүн Регионалдык Проектиси - SECCA (Орто Азияда туруктуу энергетикалык байланыштар) – медиа боюнча эксперт (ивент-менеджер).

• 2018-жылдын декабрынан 2019-жылдын августуна чейин – Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы (World Ethnogames Confederation) – ивент-менеджер.

•2020-жылдын сентябрынан 2020-жылдын декабрына чейин – "Бишкек" Эркин экономикалык чөлкөмүндө (ЭЭЧ ) – коомчулук менен байланыштар боюнча башкы адис.

• 2020-жылдын февралынан 2020-жылдын декабрына чейин – «Активдүү ыктыярчылар» коомдук фонду – долбоордун координаторунун жардамчы.