Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент — Бишкек багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды
24 июнь

Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент — Бишкек багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

Бүгүн Centrum Air компаниясынын Ташкенттен Бишкекке биринчи каттамы ишке ашты — учак «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору" ААКсынан кабарлашты. 

Эми бул каттам үзгүлтүксүз, жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү каттайт.

Муну менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жеткиликтүү болот.